Назира Айтбекова: “Түрдүү көздү каратып өз арабамды өзүм сүйрөп баратам”

24 января 2018 15:06 4590 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү теле алып баруучу Назира Айтбекова табиятынан күчтүү жана ийгиликтүү айымдардын катарына кирет десек жаңылышпайбыз. Ал, акыркы кездердеги жашоосунда болгон өзгөрүүлөр ага сабак болгонун айтып калат. “Акыркы жылдары жашоодон эмне каалаарымды, жадакалса кыялданганды да унутуп коюптурмун. Кыскасы, жашоомду ак барактан баштадым” деген Назира айым интернеттеги баракчасына ой толгоосун бөлүштү.

“Тырбалаңдап атам. Бирдеме кылымыш болуп. Кыйраткым келип жатат окшойт. Тыйтайып алым келбесе да сүйрөп алгам турмуш деген арабаны. Жаңылсам да, жазсам да, жыгылсам да менин жарам, менин түйшүгүм. Бирөө сөөмөй кезеп шылдыңдап атат. Бирөө күч берип күүлөп турат. Дагы бирөө жыгылып кетсе экен деп сынай карайт. Башкасы, жыгылып кетпегей эле деп боор тартат. Түрдүү көздү каратып коюп тырбалаңдап баратам»,-деп жазды алып баруучу. 

Ссылка: https://barometr.kg/content10987



Добавить комментарий