Ошто төрт жаштагы наристе 5-кабаттан кулады

24 января 2018 13:28 1158 Barometr
Поделиться в:
ok

Ошто бешинчи кабаттын терезесинен 4 жаштагы наристе кулап кетти. Бул тууралуу Ош шаарынын ИИБсинин басма сөз кызматынан билдиришкен.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-январда, болжол менен саат 15.50дө беш кабаттуу батирдин терезесинен, 2013-жылы туулган Ибрагим аттуу бала кулап кеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, баланын энеси аны үйгө бекитип коюп, өзү бала бакчадагы кызын алууга сыртка чыгып кеткен, ал эми наристенин атасы жумушта болгон.

Бул учурда бөбөк ашкананын ачылып турган терезесине чыгып эки-жакты карап турган. Кошуналар аны көргөнү менен кырсык болуп кетерин ойлошкон эмес.

Ор абалда ооруканага жеткирилген Ибрагим эсине келбеген абалда каза болгон.

Милиция ата-энелер менен чоң адамдардан балдарды үйгө жалгыз таштабоону өтүнөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content10984



Добавить комментарий