Нурмагомедов Америкага алып кетүүнү өтүнгөн күйөрманын Дагестанга чакырды

24 января 2018 13:11 2769 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 24-январда, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Бишкекте аны менен жолугушууга келген күйөрмандарынын жана журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Жолугушууга 2000ден ашуун адам келген. Анын жүрүшүндө фанаттардын бири Нурмагомедовдон аны өзү менен бирге Америкага алып кетүүнү суранды. Мушкер күйөрманынын мындай өтүнүчүнө жооп берип жатып, андан АКШда визасы бар же жок экенин сурады. Күйөрман жок экенин айтканда мушкер бул маселеде ага жардам бере албай турганын билдирди. Бирок Нурмагомедов массажист болуп иштеген бул күйөрманын Дагестанга, анын командасында массажист болуп иштөөгө чакырды.

Ссылка: https://barometr.kg/content10983



Добавить комментарий