Военно-Антоновкада кеңседен эки кишинин сөөгү табылды

24 января 2018 12:30 888 Barometr
Поделиться в:
ok

Военно-Антоновка айылында, өткөн түнү, «Мария» дүкөнүнүн жанындагы кеңседе эки кишинин сөөгү аныкталды. Бул тууралуу Кактус.медиа жазды.

Окуя болгон жерге Сокулук райондук  ИИБсинин ыкчам-иликтөө тобу барган. Көзөмөл камерасындагы видео жазууда каза болгон жарандар өздөрү гана көрүнгөн, бөлөк кишилер болгон эмес. Балким каза тапкан экөө бирине-бири бычак сайып ошол жерден жан беришкен деп болжонууда.

Белгилүү болгондой, алардын бири жер тилкесине байланыштуу алдамчылык фактысы тууралуу кылмыш ишке айыпталган болсо, экинчиси ушул эле иш боюнча күбө катары көрсөтмөсүн берген. Алардын бирөөсү 45, экинчиси 35 куракта болушкан.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content10978



Добавить комментарий