Кыргызстан жана Армениянын өкмөт башчылары кызматташуунун келечегин талкуулады

24 января 2018 11:02 580 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков 23-январда, Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуусунун алкагында Армения Республикасынын премьер-министри Карен Карапетян менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмүнөн билдиришти.

Өкмөт башчылардын жолугушуусунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы маселелери жана келечектүү багыттары талкууланды.

Премьер-министр Сапар Исаков Евразиялык экономикалык биримдик жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин алкагындагы өлкөлөрдүн биргелешкен өз ара аракеттешүүсүн өнүктүрүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар эл аралык санариптик күн тартиптин актуалдуу маселелерин, чет элдик инвестицияларды тартуу, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматашуунун көлөмүн жогорулатуу боюнча чараларды талкуулашты.

Кыргызстандын жана Армениянын өкмөт башчылары интеграциялык бирикмелердин алкагындагы келишимдерди ишке ашыруу жана эки тараптуу мамилелерди комплекстүү өнүктүрүү боюнча активдүү иштерге даярдыгын билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/content10971



Добавить комментарий