Бишкек шаарынын мэриясы окуучу кызды сабаган мугалимди издеп жатат

24 января 2018 10:56 1474 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаардык мэриясы химия сабагында мугалим тарабынан окуучу кыздын сабалганы боюнча маалыматты текшерип жатат. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына администрациянын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалымдалгандай, мэриянын билим берүү бөлүмү видео жарыялангандан кийин текшерүүнү баштаган.

"Биз №11 мектепти текшердик, бирок видеого түшүп калган мугалим ал жакта жок болуп чыкты. Бул мектепте химия сабагынан башка эле аял сабак өтөт экен. Мектептин администрациясы дагы мындай инцидент болгон эмес деп ырастады. Азыркы тапта биз, бул окуя кайсы мектепте болгонун иликтеп жатабыз. Ырасталбаган маалыматтар боюнча бул видео Кыргызстанда тартылган эмес»,-деп билдиришти мэриядан.

Эске салсак, буга чейин интернет колдонуучулар химия сабагы учурунда мугалим окуучун чаап-урганы тартылган видео жазууну жүктөшкөн. Болжонгондой, видео борбор калаадагы мектептердин биринде тартылган.

Ссылка: https://barometr.kg/content10970



Добавить комментарий