Автобустун ичинде өрттөнүп кеткен 52 өзбекстандык жерге берилди

24 января 2018 09:31 1044 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзбекстанда Актөбөдөгү жол кырсыгында каза болгондордун сөөктөрү жерге берилди. Бул тууралуу Борбор Азия кабарлар кызматы жазды.

Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маркумдардын ким экенин аныктоо аяктаганын билдирип, алардын аты-жөнүн жарыялады.

Өрттөнгөн автобуста өмүрү кыйылгандардын көбү Наманган облусунан. Кырсыкка кабылгандардын арасында ошондой эле Ташкент шаарынын, Сурхандарыя облусунун тургундары болгонун Өзбекстандын бийлиги бышыктады.

18-январда Казакстандын Актөбө облусундагы Самара-Чымкент автожолунда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, 52 киши каза тапкан. Алар Орусияга иштегени бараткан өзбек жарандары болуп чыккан.

“Сетра" үлгүсүндөгү автобуста 57 киши бараткан. Бешөө ар кандай жараат алып, ооруканага жаткырылган.

Ссылка: https://barometr.kg/content10966



Добавить комментарий