Россиялык жаранды өлтүргөн 3 кыргызстандык соттун өкүмүн күтүп жатат

23 января 2018 18:28 660 Barometr
Поделиться в:
ok

Ушу тапта үч кыргызстандык жаран, россиялыкты өлтүргөнү үчүн Пермь крайындагы Березники шаардык сотунун өкүмүн күтүп турат.

"Комсомольская правда" гезити жазгандай, кылмышка катыштыгы бар дагы эки кыргызстандык издөөдө жүрөт.

2016-жылы август айында, аталган шаардын жумушчулар тобу Курулушчулар күнүн майрамдап жатышкан. Дасторкон үстүндө отургандардын бири жолдо өтүп бараткан кыргызстандык жаран менен уруша кеткен. Кийин эки тарап мушташа кетип, анын кесепетинен, чатакка жол ачкан тургун ошол жерден жан берген.

Бул факт боюнча, Березники шаарынын тергөө бөлүмү тарабынан, кылмыш иши козголгон.

Иликтөө көрсөткөндөй, кылмышка шектүү делип Кыргызстандын 5 жараны табылган.

Иш Березники шаардык сотуна жөнөтүлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/content10962



Добавить комментарий