Ошто “Илегилек” драмасы коюлат. Башкы ролдо Самара Каримова

23 января 2018 17:00 1699 Barometr
Поделиться в:
ok

Оштогу Султан Ибраимов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында драматург, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин калемине таандык “Илегилек” дармасы коюлат. Бул тууралуу КРнын эмгек сиңирген артисти barometr.kgге билдирди.

“Ушул жылдын 15-17-февралда Ошто “Илегилек” драмасы коюла баштайт. Анда башкы каармандын ролун ойнодум. Бул драма абдан турмуштук окуялардан алынган. Көрган адамды кайдыгер калтырбайт. Мындан улам жаштарды театрга чакырат элем. Жаз келээри менен ушул драманы Кыргызстандын бардык аймактарына коюлу деп жатабыз. Азыркы учурда даярдык иштери көрүлүп жатат”,-деди Самара Каримова.

Белгилей кетсек, “Илегилек” спектакли улуу муун менен жаш муундун көз караштары, баалуулуктарынын кагылышы тууралуу баяндайт.

Ссылка: https://barometr.kg/content10958



Добавить комментарий