Шашылыш билдирүү: Аба ырайы кескин өзгөрүп, -30 градуска чейин суук болот
Кыргызстанда 26-29-январь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, абанын температурасы күндүз -17 градуска түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Демек, 26-январда, Чүй, Талас өрөөндөрүндө абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн -15…-20°, күндүз -10…-15°, Чүй өрөөнүнүн түндүк тарабы боюнча түнкүсүн -20…-25° чейин, күндүз -12…-17°, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарында болсо түнкүсүн -9…-14°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көлдө түнкүсүн -15…-20° чейин, күндүз -2…-7°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -21…-26°, күндүз -11…-16°, Нарын областынын дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондорунда түнкүсүн -25…-30°, күндүз -15…-20°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -22…-27°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -35…-40°, күндүз -25…-30° болот. Бөлөк райондордо батыштан соккон шамалдын ылдымдыгы катуулап, секундасына 17-22 метрге жетет.
27-29-январь күндөрү Чүй, Талас өрөөндөрүндө абанын температурасы түнкүсүн -20…-25° чейин, күндүз -11…-16°, Чүйдүн түндүгү боюнча түнкүсүн -25…-30° чейин, күндүз -14…-19°, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын өрөөндүү аймактарында түнкүсүн -11…-16°, күндүз -2…-7°, Ысык-Көлдө түнкүсүн -17…-22° чейин, күндүз -4…-9°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -23…-28°, күндүз -13…-18°, Нарындын дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондорунда түнкүсүн -30…-35°, күндүз -17…-22°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -34…-39°, күндүз -24…-29°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -40…-45°, күндүз -28…-33° чейин жетет.
Мындай аномалдуу суук аба ырайы жайыттарда мал кармоону, автотранспорт, байланыш түйүндөрүнүн, энергетика жана коммуналдык кызматтарынын ишин кыйындатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content10954
Добавить комментарий ×