Ири өлчөмдө бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуу фактысы аныкталды
Поделиться в:
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 259-беренесине ылайык КНСти төлөөдөн бошотуу менен негизги каражат катары таризделген товарлардын импортун жүзөгө ашырган чарба жүргүзүүчү субъекттердин негизги каражаттарды максаттуу колдонуусун текшерүү максатында жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларын жыйынтыгында, «Түндүк» Темир жол бажысынын кызматкерлери Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы менен биргеликте өзгөчө ири өлчөмдө - 77 165 930 сом суммада бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуу фактысын табышкан.
Бул факты боюнча чогултулган материалдар КР Башкы прокуратурасына берилди.
Ссылка: https://barometr.kg/content10952
Добавить комментарий ×