Кыргызстанда ажылык сапарына баруучуларды каттоо башталды

23 января 2018 12:56 1378 Barometr
Поделиться в:
ok

2018-жылы ажылык сапарына баруучуларды катоо иши бүгүн, 23-январда башталып, 23-февраль саат 17:00го чейин  Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттардын каттоо пункттарында жүргүзүлөт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. Ажылык сапарына бара турган жарандарга  РСК банкына  алдын ала төлөнүүчү 500 АКШ доллары жана кайтарымсыз 1000 сом  квитациянын негизинде каттоо жүргүзүлөт. Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда же кийин төлөнгөн 500 АКШ доллары жана 1000 сомдук төлөмдөр жараксыз деп табылат.

Каттоо иши аймактык кезекке туруу тартибинде (живой список)   Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттардагы жана райондук хатибияттарга караштуу 32 пунктта жүргүзүлөт. Ажылык сапарына баруучу жаран жогоруда көрсөтүлгөн алдын ала төлөнүүчү 500 АКШ долларын жана кайтарымсыз 1000 сом акча каражатын канчалык эрте төлөп катталган болсо, анын электрондук тизмедеги орду ошончолук жогору болуп, ажылык сапарына баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Электрондук каттоого катыша турган ажыга баруучуларга коюлган талаптар:

  1. 2018-жылы Ажыга каттоо тартиби бир гана биометрикалык паспорттун негизинде жүргүзүлөт.
  2. Ажылык наркынын ичинен (калькуляцияда көрсөтүлгөн) алдын ала 500 АКШ доллар РСК банкына (ажылык-2018 счетуна) төлөгөндүгү тууралуу квитациянын түп нускасы.
  3. Ажыга катталуу үчүн кайтарымсыз төлөмдүн РСК банкына (ажылык-2018 счетуна) төлөнгөн (1000сом) квитациясынын түп нускасы.
  4. Ажыга баруучунун жашаган жериндеги учету 2017-жылдын 20-августунан кем болбоосу шарт. (Эски паспорттун мөөнөтү бүтүп алмаштыргандан башкасы).
  5. Тышкы паспорту.
  6. Биометрикалык паспорт менен Тышкы паспорт бир баракка көчүрүлүүсү зарыл.)

(Тышкы паспорттун жарамдуулук мөөнөтү 2019-жылы 20-февраль айына чейин бүтүүсү жараксыз.)

  1. Аял киши үчүн махрамдын болуусу шарт.

(Күйөөсү менен барса нике күбөлүгү, ал эми махрамы менен барса туулгандыгы тууралуу күбөлүк талап кылынат). 1973-жылы май айында төрөлсө метирке же нике күбөлүтүн көчүрмөсү талап кылынат. Ал эми июнь айында төрөлсө документ түп нускасы талап кылынат.

  1.  (3х4) көлөмүндөгү 4 даана сүрөт.
  • (Сүрөт түстүү, ак фондо, жылтырабаган (матовый) кагазда болуусу шарт).
  • (Аялдар үчүн сүрөткө ак жана кара жоолук ал эми эркектер ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт. )
  • (Фотошоп программасы менен оңдолуп-түзөлгөн сүрөттөр жараксыз деп таанылат).
  1. №086у формасындагы медициналык справка.
  2. Персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун берген катка кол коюу.  (ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу)
  3. Келишимге кол коюу жана Ажылык серверге киргизүү. (ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу).
  4. Ажылык визасын алуу үчүн анкетага кол коюу. (Тышкы паспорттунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу).
  5. Ажыга баруучунун кийим размери жана жеке номер телефону, каттап жаткан операторго берүүсү талап кылынат.
  6. Ажылыкка баруучу жарандын жашы 18 жаштан төмөн болбоосу шарт (2018-жылы 18 жашка толуучу жарандар ажыга барууга укуктуу).
  7. Сауд Араб Падышалыгы тарабынан же САПтын ажылык базасынан  (Масал электрония), виза алуу учурларда, мурда ажыга барган талапкерлерге калькуляциядан тышкары кошумча төлөмдөр пайда болсо, ажыга баруучу талапкер өзү төлөйт (Бул маалыматты операторлор, мурда ажыга  барган ар бир ажыга баруучуга  тааныштырып, келишимге кол койдурат).
  • : Жогорудагы талаптар өзгөртүлсө кошумча билдирилет. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн: 0(312) 48-61-67, 0778, 0558, 0708- 48-61-67  

Ссылка: https://barometr.kg/content10947



Добавить комментарий