Сапар Исаков Дүйнөлүк экономикалык форумдун ачылышына катышты

23 января 2018 12:43 515 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков Давос шаарында (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумдун 48-сессиясынын ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмүнөн билдиришти.

Иш-чаранын ачылышына карата Дүйнөлүк экономикалык форумдун аткаруучу директору Клаус Шваб сөз сүйлөдү.

Бүгүн, 23-январда, экономикалык форумдун ишинин алкагында өкмөт башчы беш сессиянын ишине катышат. Мындан тышкары, Колумбия университетинин улук аткаручу вице-президенти Джеральд М.Росберг, Индиянын Мамлекеттик тышкы иштер министри Мушабар Джавад Акбар, Грузиянын премьер-министри Георгий Квирикашвили, ошондой эле ири эл аралык компаниялардын жетекчилери менен бир катар жолугушулары пландаштырылган.

Мындан тышкары, делегация башчыларын кабыл алуу алкагында Сапар Исаковдун Швейцариянын президенти Ален Берсе менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content10946



Добавить комментарий