Ысык-Көлдө 3 кишини кар көчкү басып, бирөө каза тапты
Поделиться в:
Ысык-Көл областында кар көчкүнүн алдында калган киши каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
21-январда, Жети-Өгүз районунда кечки саат 5терде Көк-Жайык жайытында отун камдап жүргөн 3 кишини кар көчкү басып калган: А.Р.Б (1979-жылы туулган), А.Д.Б. (1991-жылы туулган) жана К.Д. (1980-жылы туулган).
Алардын экөөсү чыгып кетүүгө үлгүргөн, ал эми А.Р.Б. аттуу жаран көчкүнүн алдында калып каза болгон.
Издөөгө министрликтин 10 куткаруучусу жана 30 жергиликтүү тургун чыккан.
Ссылка: https://barometr.kg/content10940
Добавить комментарий ×