Быйыл волейболчулар өлкө чемпионатынын медалдары үчүн 3 лигада ат салышат
Поделиться в:
Быйылкы жылы Кыргызстандын эркектер арасында волейбол боюнча чемпионаты 3 лигага бөлүндү. Бул тууралуу Кыргызстандын Волейбол федерациясынан маалымдашты.
Улуттук лигадан бөлөк, Жогорку лига «А» жана «В» топторуна бөлүндү. Аянтка биринчи болуп «В» тобу чыкты, бул топто 4 команда ойномокчу. Бардыгы болуп 3 лигада медалдар үчүн, 3 тур ойноп, 15 команда ат салышат.
Үч турдун жыйынтыгы боюнча, «В» тобунун жеңүүчүсү, кийинки сезондо «А» тобунда ойноого укук алат, ал эми 2-орунду алган команда төртүнчү команда менен плей-офф матчын ойнойт.
«А» тобундагы Улуттук лига жана Жогорку лигасынын биринчи турунун матчттары 24-январда башталат. Бардык оюндар Спорт ордосунда өтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/content10936
Добавить комментарий ×