Шаардагы мектептердин биринде мугалим окуучуну бетке-башка койгулап сабады

23 января 2018 10:12 1969 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык тармактарда колдонуучулар, Бишкек шаарындагы мектептердин биринде иштеген мугалим жогорку класстын окуучусун  классташтарынын көзүнчө уруп жатканы тартылган видеону талкуулап жатышат.

Видеодо, сабак учурунда окуучулардын бири мугалимге жагымсыз сөздөрдү сүйлөгөн.

Мугалим окуучунун жанына келип аны сабаган. "Мен айткан эмесмин дегенине карабай" мугалим токмоктогонун токтоткон эмес. Окуучу кыз болсо анын сабоого укугу жок экенин айткан. Мугалим кызды сыртка чыгарып койгон.

Интернет колдонуучулар балдарды урууга укугу жок мугалимди жазалоону талап кылышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content10934



Добавить комментарий