Милицияга баш ийбеген Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлү кармалды

23 января 2018 09:58 404 Barometr
Поделиться в:
ok

2018-жылдын 21-январь күнү болжол менен саат 00:20 чамасында нөөмөт бөлүмүнө “102” аркылуу шаардык кафелердин биринде мас абалындагы кардар коомдук тартипти бузуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн (идиштерди сындырган, бирок чыгымды төлөп берген). Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя болгон жерге Бишкек ШИИББдин мобилдик батальонунун кызматкерлери келишип, мас абалында 1984-жылы туулган Т.К. аттуу жаран кафенин жумушчулары жана күзөтчүлөрү менен уруша кеткендигин аныкташкан.
Милиция кызматкерлери мас абалындагы жаранды милиция бөлүмүнө алып келишкен. Милиция бөлүмүндө кармалган жаран орунсуз сөздөр менен сүйлөп, милиция кызматкерлерине баш ийбей, физикалык күч колдонгон.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 341-беренесинин (бийлик өкүлдөрүнө карата күч колдонуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө 1984-жылы туулган Т.К. аттуу кармалган жаран Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Бишкек шаары боюнча ыкчам-ыйгарымдуу өкүлү экендиги тастыкталып, убактылуу кармоочу жайга камалган.
Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content10932



Добавить комментарий