Назира Бегим “Бактылуу айым” долбооруна көз карандысыз эксперт болду

22 января 2018 17:26 3211 1 Barometr
Поделиться в:
ok

-Назира Бегим айтсаңыз, сизди ырчы Анжелика Бекболиеванын "Бактылуу айым" долбоорунда эксперт болуп, айымдарга кеңеш берип жүргөнүңүздү көрүп калдык. Кандайча эксперт болуп калдыңыз?  

- КТРКда болуучу "Бактылуу айым" долбооруна айымдарга кеңеш берүү боюнча көз карандысыз эксперт болуп ой пикирлеримди ушул жаңы жылдык чыгарылыштан баштадым. Мындай чечим долбоордун жетекчиси Анжелика Бекболиевага таандык. Баарына маалым болгондой, долбоорго турмушта ар кандай сыноолорго кабылып, кээ бири оор турмуш кечиргендер. Бүгүнкү күндө мен айымдар үчүн атайын лекцияларды окуп келемин. Моралдык, психологиялык жактан жардам берип, керектуу кенештеримди айтып келем. Ошондой эле кыргыз айымдарынын укугун коргоодо ар кандай маселелерди дагы коомчулукка көтөрүп, ал темалар көпчүлүк учурда кызуу талкуу жаратууда. Ушундай себептерден улам долбоорго катышып жатамын.

- Бүгүнкү күндө айымдарга тиешелүү бир топ темалар көтөрүлүп келүүдө. Алардын көбү албетте укук коргоо боюнча. Бул жаатта биздин мамлекет канчалык деңгээлде көңүл болуп келет?

-  Бүгүнкү күндө айымдарга тиешелуу алардын укугуна байланышкан маселелер көп. Тилекке каршы чечилбей келет. Мамлекет тарабынан социалдык жактан гана кандайдыр бир жардам болбосо толук кандуу аял укугун коргой турган агенттик жок. Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү коргойбуз деп төш кагышат бирок алгылыктуу аткарган иштери жок. Проблема ошол бойдон андан дагы курчуду. Азыркы демократиянын жолундагы светтик өлкөнүн негизинде турган шарттар мисалы тең укуктуулук деген балекет Кыргыз менталлитетине туура келбеген нерсе. Батыштын маңкурт маданияты, саясаты аялды аялга басындырып жатат. Социалдык жана башка жактан теңсиздик кучоодо. Ар бир айым камсыз болууга, бактылуу болууга укуктуу. Ага мамлекет көз салыш керек. Тилекке каршы мамлекет көз салалбай жаткандыктан мага окшогон коомдук активисттер ушул жаатта маселелерди козгоп, үнүбүз менен бийликтин эшигин каккылап жаткан чагыбыз.

- Долбоорго мындар ары дагы эксперт болосузбу?

- Долбоордо буюрса мындан ары дагы катышып, кеп кеңешимди айтып туруучу өкүл катары даярмын. Берүүлөр тартылып жатат. Буюрганын көрөбүз. Негизи бул долбоор кандайдыр бир деңгээлде кыргыз айымдарына жардам берип жатат. Бул жакшы жышаан.

Ссылка: https://barometr.kg/content10921



Добавить комментарий

  • Менин атым Назми мен 7 бир туганмын апам бактылуу айымга барганды калайт эле мен Жалал абад облусунун Ала Бука районунан кызыл ата айылынан болом 0708309107