Жумагулов: «Театр аркылуу элдин жүрүм-турум маданиятын жакшыртуу керек»

22 января 2018 17:08 465 Barometr
Поделиться в:
ok

"Чыгармачылык аркылуу, элибиздин өзүн алып жүрүү маданиятын кантип жакшыртууга болот?»,-деп Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов жыйында собол салды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, министр өз сөзүндө: «Биз, элибиздин маданиятынын деңгээлин кино жана театр аркылуу көтөрүшүбүз керек. Баарыбызга белгилүү болгондой, өлкөдө, чектен ашкан салттар жана каадалар бар. Биз аларды түздөшүбүз зарыл».

Чыгармачыл бирикмелердин жетекчилери Жумагуловдун идеясын колдоп, курамына Кыргызстандын бардык чыгармачыл бирикмелери кире турган Кеңеш түзүүнү, мындай иш-чараларды ар бир квартал сайын уюштуруп турууну сунушташты.

Эске салсак, жыйынга театр, кино, журналисттер, жазуучулар, композитрлор, сүрөтчүлөр союзунун жетекчилери катышты.

Ссылка: https://barometr.kg/content10920



Добавить комментарий