Бишкекте мас айдоочу кишини сүзүп качып кеткен

22 января 2018 16:55 716 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте айдоочу кишини сүзүп, изин жашырган. Милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип Бишкектин 29 жаштагы С.Э. аттуу жашоочусу кармалды. Экспертизадан анын канында алкогол бар экени аныкталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык 20-январда, болжол менен кечки саат жети жарымдарда, Садырбаев-Түштүк Магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Алган жаракаттарынан улам азия улутундагы, 55-60 жаштардагы эркек киши ошол жерден мерт кеткен.

Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content10918



Добавить комментарий