Маңзаттарды кардарларга тараткан «Гараж-312» түнкү клубдун жумушчулары кармалды

22 января 2018 16:38 637 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин шаардык эс алуу жайларынын биринде баңгизаттарды жайылтууга бөгөт коюу максатында жүргүзүшкөн атайын операциясы ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери узак убакыт бою Бишкек шаарынын Анкара көчөсүндө жайгашкан “Гараж-312” түнкү клубунун жумушчуларына карата ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүп келишкен. Анткени, алар баңгизаттарды жана эс-тутумга таасир берүүчү каражаттарды клубка келген кардарларга таратуу менен алектенип жүрүшкөндүгү, ошондой эле, аларга клубдун дааратканасында колдонууга уруксат беришкендиги маалым болгон.
Ыкчам-издөө жана иликтөө иштеринин жүрүшүндө “Миша-оргазм” каймана аты менен белгилүү болгон клубдун алып баруучусу иш-чараларды алып баруу учурунда кардарларга спирт ичимдигин ичүүгө жана баңгизаттарды, эс тутумга таасир берүүчү каражаттарды колдонууга үгүттөп жүргөн.
Баңгизаттарды жайылтуу үчүн “Миша-оргазм” аттуу алып баруучу өзүнүн кесиптештерин дагы түрткөн.
2018-жылдын 21-январь күнү тергөө кызматы тарабынан козголгон кылмыш ишинин негизинде болжол менен саат 01:00 чамасында “Гараж-312” түнкү клубунда баңгизаттарды жана эс-тутумга таасир берүүчү каражаттарды сатууга бөгөт кою максатында атайын операция жүрүп, натыйжада түнкү клубдун төмөнкү жумушчулары кармалган:
- 1978-жылы туулган Бишкек шаарынын Б.Е. аттуу жашоочусу (түнкү клубдун ээси);
- 1988-жылы туулган Бишкек шаарынын М.М. аттуу жашоочусу (“Миша-оргазм” каймана аты менен белгилүү болгон түнкү клубдун алып баруучусу);
- 1999-жылы туулган Бишкек шаарынын Ю.В. аттуу жашоочусу (түнкү клубдун официанты жана М.М. аттуу жарандын жарандык некедеги аялы);
- 1995-жылы туулган Бишкек шаарынын Р.В. аттуу жашоочусу (түнкү клубдун бармени);
- 1993-жылы туулган Бишкек шаарынын Х.Р. аттуу жашоочусу (“Февраль” каймана аты менен белгилүү болгон түнкү клубдун бармени).
Андан сырткары, “Гараж-312” түнкү клубунан 1988-жылы туулган Е.А. аттуу жаранды текшерүү учурунда жанынан жалпы салмагы 4,7 грамм болгон “гашиш” баңгизаты табылган.
Ыкчам-издөө жана иликтөө иштеринин жүрүшүндө баңгизаттарды жана эс-тутумга таасир берүүчү каражаттарды колдонгондугу боюнча алып баруучуга, барменге жана официантка өздүк кароо жүргүзүлүп, натыйжасында алардан шектүү зат табылып, алынган заттар ИИМдин криминалисттик башкармалыгынын жыйынтыгы менен баңги каражаты болуп чыккан.
Түнкү клубдун ичин текшерүү учурунда баңгизаттарды колдонуу үчүн ар кандай буюмдар, ошондой эле, колдонууга даяр болгон баңгизаттар табылган. ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери алдын алуу максатында Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык наркология борборуна 32 адам жеткирилип, алардын ичинен төртөө баңгизатын колдонгондугу аныкталган.
Азыркы учурда бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) менен 252-берененин (Баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды колдонуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же күтүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандардын өздүгүн аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Бишкек шаарында баңгизаттарды жана перекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо жана жайылтуу максатында иш-аракеттерди көрүп жаткан жарандарды кармоо боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content10915



Добавить комментарий