Франциянын президенти Макрон: Россия – бул улуу держава

22 января 2018 15:59 522 Barometr
Поделиться в:
ok

Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Россияны улуу держава катарында карайт жана ага тиешелүү урмат менен мамиле жасайт. Бул тууралуу Франциянын ТИМнин башчысы Жан-Ив Ле Дриан билдирди. «Фигаро» гезитине берген маегинде министр, Франция бүтүндөй дүйнө менен сүйлөшөрүн, ошон үчүн жагымсыз нерселерди дагы бетке айтууга укугу бар экенин белгиледи.

"Бирок президент Макрон, улуу өлкөлөрдү сыйлоо керек деп эсептейт. Бул себептүү, ал президент болуп шайлангандан кийин дароо Владимир Путинди Версалга чакырды»,-дейт Ле Дриан.

Ошол эле учурда дипломатиялык ведомствонун жетекчиси билдиргендей, Россия менен Франциянын ортосунда «кыжыр кайнатуучу» келишпестиктер дагы бар. Анын ичинде жөнгө салынбаган украиналык маселе менен Сирияда химиялык куралдарды колдонуу маселеси бар.

"Биз Москва менен диалогду улантып жатабыз. Орустар бул кризисти жалгыз жөнгө сала алышпайт»,-деп кошумчалады ал.

Ссылка: https://barometr.kg/content10914



Добавить комментарий