Баткен районунун баш имамы жашоочуларды туура эмес агымдардан алыс болууга чакырды

22 января 2018 15:39 580 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткен районунун баш имам хатиби Пазыл ажы Султанмуратов район аймагындагы мечиттерди текшерип, айыл жашоочуларынан кабар алуу менен алардын диний жааттагы суроолоруна жооп берүүдө. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Айыл эли менен жолугушуу иш чарасы Баткен районунун Кара-Булак айылында өтүп, анда  Пазыл ажы Султанмуратов айыл жашоочуларын өз ара ынтымакка, достукка чакыруу менен салттуу Ислам динин бекем кармоого, ата-бабаларыбыз сактап келген улуу имам Абу Ханифа мазхабын жайылтууга, туура эмес агымдардан алыс болууга үгүттөдү.

Ссылка: https://barometr.kg/content10913



Добавить комментарий