Кыргызстандын ИИМи Бахрейндин жаранын алдап кеткен шылуунду тапты

22 января 2018 15:17 484 Barometr
Поделиться в:
ok

ИИМдин кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз миграцияны уюштурууга бөгөт коюу максатында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада Кыргыз Республикасынын аймагында 3 айдан бери мыйзамсыз жүргөн 29 жаштагы чет өлкөлүк жаран кармалган. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Тергөө учурунда жогоруда көрсөтүлгөн жаран Кыргыз Республикасындагы жогорку окуу жайлардын биринин чакыруусу менен окууга өтүү үчүн Пакистан Ислам Республикасынын “Хизар” аттуу жараны аркылуу келген.
2017-жылдын 11-октябрь күнү “Манас” аэропортуна келген 29 жаштагы чет өлкөлүк жаранды “Хизар” аттуу жигит тосуп алып, алдоо жолу менен жабырлануучунун ишенимине кирип, анын 2000 АКШ долларын жана поспортун жогорку окуу жайлардын бирине өткөрүп жана визасынын мөөнөтүн узартып каттоого тургузуп берем деп алган. Андан соң, шектүү 3 айдан бери изин жашырып качып жүргөн. Ал эми Бахрейн королдугунан келген жабырлануучуну Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз жүрүүгө аргасыз болгондугу аныкталган.
ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн кошумча иликтөө иштеринин натыйжасында, Бишкек шаарында убактылуу жашаган Пакистан Ислам Республикасынын 25 жаштагы Х.А. аттуу жараны кармалган.
Аталган факты боюнча Ленин РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш- жаза кодексинин 166-берене (алдамчылык) менен 204-беренесинин 4-бөлүмүнүн 1-пунктуна (мыйзамсыз миграцияны уюштуруу) ылайык кылмыш ишин козгогон.
Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан кармалган жаранга карата эки айга камакка алуу чарасы көрүлгөн.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Жогоруда көрсөтүлгөн чет өлкөлүк жарандан жабыр тарткандар болсо төмөнкү номурлар менен Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигине билдирүүңөрдү суранабыз: 0312 266398, 0557 05 74 64.

Ссылка: https://barometr.kg/content10912



Добавить комментарий