Ташкент шаарында автоунаа кыймылы боюнча үч тараптуу сүйлөшүү болот

22 января 2018 14:39 532 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзбекстан, Кыргызстан жана Кытай, 24-25-январь күндөрү Ташкент шаарында, 1998-жылы кол коюлган эл аралык автоунаа кыймылы тууралуу, 3 өлкө өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрөт. Бул тууралуу Өзбекстандын ТИМнин сайтында айтылган.

Жыйынга Кытайдын Транспорт министрлигинин, Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлигинин жана Өзбекстандын автоунаа жана дарыя транспорту агенттигинин делегациялары катышат.

Эл аралык автоунаа ташуу маселелери боюнча өзбек-кыргыз жана өзбек-кытай эки тараптуу жыйындары уюштурулары пландалууда.

Былтыр 6-сентябрда Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Анжиян-Ош-Кашкар багытында транзиттик автоунаа кыймылы тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Макулдашуу былтыр 30-декабрда күчүнө кирген.

Ссылка: https://barometr.kg/content10909



Добавить комментарий