Аталаш эжесинин башын кесип мешке ыргыткан жаран кармалды

22 января 2018 12:49 4930 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын Костанай областындагы Славенка кыштагында үрөй учурган окуя болду. Бул тууралуу аймактык Ички иштер департаментинин басма сөз кызматына шилтеме берип Алау басылмасы жазды.

Кандуу окуя өткөн жылы 25-декабрга караган түнү болгон. «Бул факт боюнча Казакстандын Кылмыш кодексинин 99-беренеи менен, сотко чейинки иликтөө жүргүзүлүп жатат, бардык экспертизалар дайындалды»,-деп билдиришти полициядан.

Маалымдалгандай, ал түнү 29 жаштагы эркек киши, өзүнүн 45 жаштагы аталаш эжеси менен дасторкон үстүндө ичимдик ичип отурган. Экөөнүн ортосунда уруш чыгып, иниси бычак менен эжесин далысына бир нече жолу сайган.

Кийин кылмышкер маркумдун башын кесип мешке ыргыткан. Ал эми эжесинин сөөгүн кампага катып койгон.

Ал эми кылмыш жасалып жаткан учурда бөлөк бөлмөдө уктап жаткан аялын, кылмышкер полдогу кандарды тазалоого мажбурлаган.

Кийинки күнү кылмышкер кармалган. Ал буга чейин соттолбогону, бирок ата-энелик милдетин аткарбаганы үчүн каттоодо турганы аныкталган. Айрым маалыматтарга ылайык, анын 4 баласы болгон. Аны 15 жылга эркинен ажыратуу каралды.

Ссылка: https://barometr.kg/content10908



Добавить комментарий