Кыргыз-өзбек чек арасындагы ишеним чаралары боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол коюлду

22 января 2018 12:45 603 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын 6-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Чек ара районундагы ишеним чаралары боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 21-декабрында кабыл алынган.

Макулдашуунун максаты Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара районунда коопсуздукту жана ишенимди бекемдөө, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо боюнча өз ара кызматташуу менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу болуп саналат.

Макулдашуу региондук коопсуздук жана туруктуулук, терроризмге жана баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга, ошондой эле мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча кызматташууга мүмкүндүк берет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ссылка: https://barometr.kg/content10907



Добавить комментарий