Күндө суши жеген тургундун ичинен 1,5 метр курт чыкты

22 января 2018 12:24 1025 Barometr
Поделиться в:
ok

Япон тамактарын сүйүүчү, Калифорниянын жашоочусу күндө суши азыктары менен тамактанчу. Мындай нерсе билинбей жүрүп тургундун ичинде көптөгөн курттарды пайда кылган. Жарандын ичинен узундугу 1,5 метрди түзгөн курт (бычий цепень) чыккан. Бул тууралуу KCRA 3 билдирди.

Тургун, аймактык медициналык борборго, кан аралаш ич өткөк дарты менен кайрылган, ошондой эле ал дарыгерге этилен баштыгына сала келген куртту көрсөткөн. Курт андан, ал дааратканага барганда чыккан. Дарыгер, буга чейин мындай ири паразиттерди көрбөгөнүн айткан.

«Бир жарым метрден ашат, бул менин боюм менен теңдей»,-дейт ал. Жашоочу дайыма лосос балыгынан жасалган тамактарды жеп жүргөнүн айтып берген.

Белгилесек, буга чейин Тайванда бейтаптын ичинен узундугу 2,5 метр болгон кара курт чыккан. 

Ссылка: https://barometr.kg/content10905



Добавить комментарий