Бишкек-Ош жолунда май ташыган унаа дарыяга кулап, бир киши мерт кетти
Поделиться в:
Жалал-Абаддагы Токтогул районунда кайрадан май ташыган унаанын катышуусунда кырсык катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
20-январда, саат 23:15те, Бишкек-Ош автожолунун 264-чакырымында "Фредлайнер" май ташыган унаа Чычкан дарыясына кулап кекен.
Анын кесепетинен 1 киши каза тапты, эки адам жабыркады. Унаанын цистернасында 38 тонна бензин болгон. 21-январда аталган ведомствонун кызматкерлери, автоунаадагы бардык документтерди чогултуп, аны прокуратуранын кызматкерлерине тапшырды.
Ссылка: https://barometr.kg/content10904
Добавить комментарий ×