Өкмөт жана ведомстволордо жаңы кадрлар дайындалды
Премьер-министр Сапар Исаков кадрдык дайындоолор боюнча бир катар буйруктарга кол койду. Ага ылайык:
Элдияр Шерипов Курчап турган чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, Нурлан Жумаев Курчап турган чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агенттигинин токой экосистемаларынын өнүгүү Департаментинин директору болуп дайындалышты.
Азамат Саматов вице-премьер-министрдин жардамчысы болуп дайындалды.
Аба Алымкулов вице-премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргоону адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун жетекчиси Асаналы Кулуев, берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.
Ссылка: https://barometr.kg/content10903
Добавить комментарий ×