Өкмөт башчы Швейцариядагы экономикалык форумга катышат

22 января 2018 11:42 648 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков 22-25-январда Давос шаарында (Швейцария) өтүүчү Дүйнөлүк экономикалык форумдун 48-сессиясынын ишине катышат. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмүнөн билдиришти.

Өкмөт башчынын экономикалык форумга катышуу алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулардын өтүшү, анын ичинде ири эл аралык компаниялардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы атайын жана ыйгарым укутуу элчиси Данияр Мукашев, Кыргызстандын премьер-министринин кеңешчилери Талант Султанов жана Гүлнура Торалиева, КРдын өкмөтүнүн аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков жана «Кыргызтелеком» ААК Директорлор кеңешинин төрагасы Азиз Солтобаев бар.

Ссылка: https://barometr.kg/content10902



Добавить комментарий