Камерага жазылган видео: Келдибеков «Ала-Арча» шаарчасынын администрациясынын директорун кууду

22 января 2018 11:31 3552 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык тармактарда «Ала-Арча» вип-шаарчасынын администрациясынын директорунун бөлмөсүндө турган көзөмөл камерасына түшкөн видеону жарыялашты.

Видеодо, директордун бөлмөсүнө ондой киши киргени көрүнүп турат. Алардын бири парламенттин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибековго окшошкон бирөө үнүн бийик чыгарып, директордон кызматынан кетүүсүн талап кылды.

"Сен кимсиң? Башкарууга ким укук берди силерге? Өзүңдү орундуу алып жүр!»,-дейт Келдибеков.

Директор, башкаруу маселелерин ал чечерин айтты. Келдибековдун буга кыжыры келди. "Силер кимсиңер? Сен эч ким эмессиң", - деп ал бакырды.

Ал эми Келдибековдун жубайы Аида Токтоматовага окшош бир аял, ал шаарчанын администрациясынын директору экенин айтып алардын сөзүн бөлдү. Ал, директорду бөлмөдөн кууп чыгарын билдирди.

"Акырын! Буюмдарыңды чогултуп чыгып кете берсең болот. Кеттик. Кана буюмдарың? Кана, ал, болду тур", - дейт Келдибеков.

Кийин бөлмөдөгүлөр директордун ордун ким ээлерин чечмей болду. Берки аял өзүнүн талапкерлигин сунуштады. Ал эми Келдибековго окшогон эркек киши бул кызматты Фатима ээлесин дейт.

"Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Куловдун аялы Фатима Абдрасуловага окшош аял буга макулдугун берди. Кийин көпчүлүк Рина аттуу аялды бул кызматка дайындашкан.

Ссылка: https://barometr.kg/content10901



Добавить комментарий