Кабулда террорчулар кыргызстандыктар иштеген мейманканага бастырып кирди

21 января 2018 17:32 1858 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 21-январда, Афганистандын борбор калаасы Кабулдагы мейманкана бошотулду. Анда террорчулар адамдарды 12 саат бою барымтага алышкан. Бул тууралуу Реутерс агенттиги билдирди. Кечээ, 20-январда, кечинде террорчулар Вечером 20 января террористы Intercontinental мейманканасына кирип келишкен. Алар имараттын ичине ашкана аркылуу киришкен. Күбөлөрдүн айтымында, террорчулар мейманканада иштеген кызматкерлер менен андагы конокторду барымтага алышкан.

Кабулдун полициясы имаратка чабуул жасашкан. Барымтадагы беш киши каза тапкан, дагы алты адам жаракат алган.

Имаратты курчоо учурунда 153 киши эвакуацияланган, анын ичинде 41и чет өлкөлүк жарандар болгон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин берген маалыматына ылайык. Бул мейманканада 7 кыргызстандык иштечү. Окуянын жүрүшүндө алар жабыркаган эмес. Кыргызстандын Афганистан Ислам Республикасындагы элчилиги аталган жарандар жана Афганистандын укук коргоо органдары менен байланышып турат.

Белгилесек, Intercontinental – бул Кабул шаарындагы эң кымбат жана мыкты күзөт уюштурулган мейманканалардын бири.

Ссылка: https://barometr.kg/content10887



Добавить комментарий