Өрттөнгөн «Осьминог» кафесинин ээси кайтарууга алынды

19 января 2018 15:22 662 Barometr
Поделиться в:
ok

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргеней, 2018-жылдын 7-январдын таңында Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы «Осьминог» кафесин белгисиз бирөөлөр өрттөп кетишкен факт боюнча мыйзам чегинде тиешелүү ыкчам тергөө жана иликтөө иш чаралары жүрүп жатат. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 174- беренесинин 2-бөлүгү менен (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) кылмыш иши козголуп, тиешелүү бир катар экспертизалар дайындалган.
Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө жана иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмыш ишинин алкагында ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катарында турган Ысык Көл облусунун эки тургуну кармалган жана алардан баңгизаттар жана курал-жарак алынган. Аталган факт боюнча кылмыш жаза кодексинин 241-беренесинде каралган мыйзамсыз курал-жарактарды сактоо жана 246-беренеде каралган мыйзамсыз бангизаттарды сактоо боюнча кылмыш иштери козголуп, кармалгандар учурда абакка жабылган.
"Жакын арада «Осьминог» кафесиндеги өрт боюнча дайындалган тиешелүү бардык экспертизалардын жыйынтыгы менен айыбы угузулат. Ошондой эле, тактап кете турган маселе ишкердин коопсуздугуна коркунуч жаралып жаткандыгы да айтылууда. Бул боюнча учурда ИИМдин мамлекеттик коргоо башкармалыгы тарабынан кайтарууга алынган жана анын коопсуздугу толугу менен камсыздала тургандыгын билдиребиз. Тергөө жана иликтөө иш чаралары улантылууда",-деп айтылат маалыматта.
Коомдук тартипти сактоода жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө Ички иштер министрлиги толугу менен мыйзам чегинде аракеттерди жана ошондой эле ишкерлердин жана бардык жарандардын коопсуздугун сактоодо чечкиндүү аракеттерди көрө тургандыгын билдирет.

Ссылка: https://barometr.kg/content10873



Добавить комментарий