Кыл кыякчы Залина Касымова университетте сабак берүүдө

19 января 2018 14:34 1396 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү кыл кыякчы Залина Касымова Бүбүсара Бейшенелиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият универистетинде студенттерге кыргыздын улуттук аспаптардын бири болгон кыл кыяктан сабак берүүдө. Бул тууралуу музыкант barometr.kgге билдирди.

“Жаңы окуу жылынан тарта аталган окуу жайдын элдик аспаптар бөлүмүндө студенттерге кыл кыяктан сабак берүүдөмүн. Кыл кыякка кызыккан студенттердин саны арбын. Арасында менин өнөрүмө кызыккандар көп экен. Буюрса алар дагы кыргыз музыкасын алга сүрөгөнгө өз салымдарын кошот деген терең ишеничтемин”,-деди музыкант.

Ошондой эле Касымова жакында эле жаңы кыл кыяк сатып алганын кошумчалады.

“Жаңы жылдык кечелерде жаңы кыл кыяк менен өз өнөрүмдү тартууладым. Анын өзгөчөлүгү электр менен туташтырылат. Мурункусуна атайын микрафон тагып, анан ойночумун”,-деди ал.

Ссылка: https://barometr.kg/content10870



Добавить комментарий