Америкалык ковбойлор Көчмөндөр оюндарына даярданууда

19 января 2018 13:45 3677 Barometr
Поделиться в:
ok

АКШнын Nomadcowboys командасы (ковбой-көчмөндөр), күзүндө Ысык-Көлдө өтө турган III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышат. Бул тууралуу уюштуруучулардын расмий сайтында маалымдалган. Америкалык ковбойлор оюндардын алкагында көк-бөрү боюнча мелдештерге күч сынашат.

"Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары-2018, биз оюндарга келебиз»,-дейт алар.

Мындан бөлөк, аталган команда мелдештерге даярданып жатканы тартылган видеону жүктөштү, ошондой эле, оюнчулардын курамы менен тааныштырды.

Белгилесек, бул команда былтыр Астанада өткөн көк-бөрү боюнча биринчи дүйнөлүк чемпионатка катышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/content10864



Добавить комментарий