Милиция тарабынан 16 кг ашуун маңзат алынды

19 января 2018 13:32 659 Barometr
Поделиться в:
ok

ИИМдин баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда өзгөчө ири көлөмдөгү баңгизаттардын топторун сатууга аракет кылып жатышкан жана баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар бир нече шектүү жарандар тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
2018-жылдын 17-январь күнү болжол менен саат 19:30 чамасында Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Сокулук районунун аймагында ыкчам-издөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада бир үйдүн жанынан 30 жаштагы Р.К. аттуу жаран кармалып, ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда баштыкка салынган жалпы салмагы 1 килограмм 870 грамм салмактагы “гашиш” баңгизаты табылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө Р.К. аттуу кармалган жаран күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, баңгизаттын негизги бөлүгү таанышынын үйүндө экендиги тууралуу өз көрсөтмөсүндө билдирген.
Кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда Сокулук районунда жайгашкан үйдүн кампасынан ачык күрөң түстөгү коробканы табышкан. Коробканын ичинен баштыкка салынган капта 24 майда кутучаларга бөлүнүп скочтолгон “гашиш” баңгизаты табылып, жалпы салмагы 14 килограммды түзгөн.
Алынган “гашиш” баңгизатынын жалпы салмагы 16 килограмм 450 граммды түздү.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин 3-бөлүмүнүн 4-пункту (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) менен кылмыш ишин козголуп, аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандардын дагы өздүгүн аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ссылка: https://barometr.kg/content10862



Добавить комментарий