Сауд Арабиясы ажыга барчу кыргызстандыктар үчүн 5400 квота бөлдү
Быйыл Сауд Арабиясы ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5400 орун бөлдү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады. Муфтият, 2018-жылдагы ажылык иштерине даярдыктарды көрүп, ажылык иштерин электрондоштуруу максатында биометрикалык паспорт колдонуу замандын талабы болуп жаткандыгына байланыштуу 2018-жылдан тарта ажылык сапарына барууну каалаган жарандарга биометрикалык паспорттун негизинде каттоо жүрө тургандыгын эскертип, биометрикалык паспорт алууга чакырат. Быйылкы зыярат август айына туш келет. Зыяратчылар ажылыкка июль айында жөнөй башташат. Белгилесек, өткөн жылы Кыргызстанга 4760 орун берилген. Ажылык сапардын баасы 2760 доллар болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/content10853
Добавить комментарий ×