Түркиялык журналист «Чуңкурчак» тоо лыжа базасынын персоналын эне тилди сыйлоого чакырды

19 января 2018 10:50 1902 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык түйүндөрдө колдонуучулар, «Чуңкурчак» тоо лыжа базасынын персоналы капа кылган түркиялык журналист Огуз Догандын катышуусундагы видеону талкуулашууда. Чатактуу видеону интернетке журналист өзү жарыялап, муну менен кыргызстандыктарды өз эне тилин сыйлоого чакырган. Ал

Анда түркиялык турист, ал кыргызча түшүнбөгөнү үчүн базанын кассири ага орой мамиле жасап базага киргизүүдөн баш тарткан.

Журналист «мен кассирден канча төлөш керек деп кыргызча сурадым» деп түшүндүрдү.

"Бирок кассир оройлук кылып жооп берүүдөн баш тартты. Ал ошондой эле аны менен кыргыз тилинде сүйлөшпөө керектигин талап кылды»,-дейт ал.

Доган эмнеге ага Кыргызстанда кыргыз тилинде сүйлөөгө тыюу салып жатышат деп арсар болду.

"Кыргызстанда эки: мамлекеттик жана расмий тил бар. Кассир өзүн мындай алып жүрүүсүнө толук укугу бар. Балким ал кыргызча билбейттир»,-дейт тоо лыжа базасынын өкүлү.

Түркиялык жарандын мындай посту колдонуучулардын түрдүү пикирин туудурду. Айрымдары аны үгүт мүнөзүндө дешсе, кээ бирөөлөр журналисти жактап чыкты.

Ссылка: https://barometr.kg/content10851



Добавить комментарий