Араванда милициянын капитаны пара алып жатканда кармалды

19 января 2018 10:31 860 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын ИИМдин ички иликтөө кызматы коомчулуктун алдында мыйзамдуулукту бузуп, милициянын аброюна шек келтирген кызматкерлерди ички иштер органдарынын катарынан тазалоо ишин улантып жатат.
бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Жакында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ички иликтөө кызматы Кыргыз Республикасынын УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча кызматкерлери менен биргеликте пара талап кылууга шектүүнү кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.
2018-жылдын 17-январь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин ички иликтөө кызматына арыз менен 22 жаштагы Х.Ш. аттуу жаран кайрылып, Ош облусунун Араван районунун Тепе-Коргон АМБнын башчысы, милициянын майору К.Кга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Анткени, Араван районунун Тепе-Коргон АМБнын башчысы арыз ээсинин соода-сатык дүкөнүнүн иштөөсүнө жолтоо болуп, 200 АКШ долларын сураган.
Жогорудагы факты боюнча Ош облусунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин1-бөлүмү (пара талап кылуу) жана 304-беренесинин 2-бөлүмү (кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонуу) менен кылмыш иши козголгон.
2018-жылдын 18-январь күнү болжол менен саат 18:00 чамасында Ош облусунун Араван районунун Тепе-Коргон АМБнын мекемесинде Араван районунун Тепе-Коргон АМБнын башчысы 7000 сом акча каражатын накталай алып жаткан жеринен кармалган.
Кылмыш ишин толук иликтөө үчүн кармалган милиция кызматкери Кыргыз Республикасынын УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына киргизилди.
Кийинки иликтөөнү Кыргыз Республикасынын УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы жүргүзөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content10850



Добавить комментарий