Өлкөгө алгачкы медалды алып келген спортчу Казакстан курамасынын башкы машыктыруучусу болду

19 января 2018 10:04 830 Barometr
Поделиться в:
ok

Олимпиада оюндарынын дзюдо боюнча коло медалынын ээси Айдын Смагулов Казакстандын эркектер курама командасына башчылык кылды.

Казакстандын Дзюдо федерациясы билдиргендей, Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин спорт жана дене тарбия иштери боюнча комитетинин буйругу менен, бул өлкөнүн улуттук эркектер курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп Айдын Смагулов дайындалды.

Белгилесек, эгемен өлкө болгондон кийин Кыргызстанга Олимпиада оюндарында алгачкы медалды Смагулов алып келген. 2000-жылы спортчу Сиднейде Кыргызстандын желегин желбиретип, коло медалды уткан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content10847



Добавить комментарий