Үйлөрү бузула турган Бишкектин жашоочуларын компенсация маселеси ойлондурууда
Депутат Марат Аманкулов бүгүн, 18-январда, парламенттин жыйынында, өкмөттөн жолдун курулушу үчүн үйлөрү бузула турган Бишкектин тургундарына компенсациялар тууралуу айтып берүүсүн өтүндү.
Ал белгилегендей, жакынкы араларда “Бишкек шаарында жолдорду реабилитациялоо” долбоорунун 3-фазасы башталат, анын алкагында, ошондой эле эстакадаларды куруу болжонгон.
Бирок бул долбоорлорду ишке ашыруу, курулуштун аймагында жайгашкан турак-жайларды алуу менен коштолот.
Андыктан жашоочуларды компенсация маселеси ойлондурат, анткени буга чейин мамлекет төлөнүп берилүүчү акчаны создуктуруп келген. «Мына мисалы, Лев Толстой-Чолпон-Ата көчөлөрүндө жашагандар тынчсызданууда. Аларды компенсация кандай принциптер боюнча төлөнөрү ойлондурууда. Маселе социалдык мүнөзгө ээ»,-дейт ал.
Ссылка: https://barometr.kg/content10830
Добавить комментарий ×