Марат Талантбеков Рыспай Абдыкадыровдун “Периштем” аттуу ырын жаңыча ырдап чыкты (видео)

18 января 2018 15:09 3646 Barometr
Поделиться в:
ok

Эстрада ырчысы Марат Талантбеков Рыспай Абдыкадыровдун “Периштем” аттуу ырын жаңыча түс менен ырдап чыкты. Бул тууралуу ырчы  barometr.kgге билдирди.

“Көп жылдан бери бул ырды ырдайын деген максаттарым бар болчу. Акыры ойлогон оюм ишке ашып, ырды жаздырып чыктым. Жакынкы күндөрү клибин тартканы турабыз. Чыгармачыл чөйрөгө аралашканыма 5 жылдын жүзү болду. Учурда Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде эстрада бөлүмүн аяктап жатам. Сахнага 1-курсстан баштап аралаштым десем болот-”,деди Талантбеков.

Учурда айрым ырчылар эски ырларды ырдап чыгып, сынга кабылган жайы бар. Бул боюнча сураганыбызда Максат буларга токтолду.

“Эски ырларды бузуп жатасыңар деп көп эле адамдар айтып калышат. Бул деген музыкалык жактан түшүнүгү аз адамдардын айтканы деп эсептейм. Мен болсо эски ырларды ырдоодон мурун кесипкөй ырчылардан, агайларымдан кеңеш алып, андан соң ырдап чыгам. Канчалаган мээнетиң кетет”,-деди ал.

Максаттын үнүн көпчүлүгү казакстандык ырчы Димаш Кудайбергеновго окшоштургандар бар.

“Музыканын тили жок дегендей, ар кайсы тилде ырларды аткара берем. Сахнада ырдап чыккандан бери Димаш Кудайбергеновдун үнүнө окшоштуруп жатышат. Мен ага окшошоюн деген оюм жок. Ар бир ырчынын өзүнүн ырдоо стили, таланты бар эмеспи ага жараша эл алдында чыгармачылыгымды уланта бермекчимин”,-деди жаш ырчы.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content10828



Добавить комментарий