Казакстанда автобустагы 52 жүргүнчү тирүүлөй күйдү
Поделиться в:
Актөбө областындагы Иргиз районунда, Самара-Шымкент жолунун 1068-чакырымында «Икарус» үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган автобус өрттөнгөн. Бул тууралуу басылмалар жазды.
Анын ичинде 55 жүргүнчү жана 2 айдоочу болгон. учурда алардын жарандыгы такталууда. Белгилүү болгондой, алардын арасында өзбек жарандары дагы болгон. Маалыматтарга ылайык, 5 жүргүнчү автобустан чыгып кетүүгө үлгүргөн, калган 52 киши ошол жерден мерт кеткен. Азыркы тапта окуя болгон жерде медперсонал, психологдор, куткаруучулар жана полиция кызматкерлери иш алып барууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content10825
Добавить комментарий ×