Сапар Исаков элчи Вероника Ульман менен жолугушту

18 января 2018 13:50 502 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстандагы Швейцария Конфедерациясынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Вероника Ульман менен жолугушту.

Өкмөт башчы Кыргызстан жана Швейцария ортосундагы эки тараптуу мамилелердин динамикалуу өнүгүүсүн белгиледи.

«Биз өлкөнүн туура өнүгүү багытынан чыгып кетпешин эле эмес, жарандардын жашоо шартын жакшыртууда сапаттуу секирик жасаш үчүн бардык күчүбүздү жумшап жатабыз. Бул багыттагы мамлекеттин башкы маселелеринин бири өлкөгө инвестицияларды тартуу болуп саналат. Силерге белгилүү болгондой, жакынкы арада Швейцарияга жумушчу сапарым пландаштырылган, мен Кыргыз Республикасына кошумча инвестицияларды тартуу максатында бир катар жолугушууларды өткөрүүгө ниеттенип жатам. Биз инвесторлорду күтүп отурбастан, алар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен өзүбүз издөөбүз керек», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Ал өкмөттүн жакынкы келечекке карата пландары, тактап айтканда, салык, мамлекеттик сатып алуулар жана мамлекеттик башкаруу тутумунда жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып берди.

«Салык тутумун фискалдаштыруу долбоору мамлекетке гана эмес, ак ниет салык төлөөчүлөргө да сезилерлик пайда алып келет. Акча жүгүртүүнү мыйзамдаштыруу эсебинен салыктык чогултуулар жогорулайт, ачык-айкын фискалдык тутум түзүлөт, салык төлөөчүлөр үчүн атаандаштык чөйрө түзүлөт. Биз теңдик эрежелерин ишке ашырууга умтулуп жатабыз, ошол эле учурда жаңы салыктарды кийирип же учурдагылардын деңгээлин жогорулаткан жокпуз. Өлкөнүн өкмөтү үчүн башкы нерсе катары инвесторлорго кепилдик берүүгө жана алар тартып келген каражатты коргоого алууну үйрөнүү болуусу керек», – деп кошумчалады Сапар Исаков.

Өз кезегинде элчи Вероника Ульман Швейцариянын Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерди мындан ары кеңейтүүгө жана чыңдоого даярдыгын билдирип, көптөгөн тармактарда кызматташтык жайгарылгандыгын белгиледи.

 «Швейцария Кыргызстанды көп тараптуу кызматташтык алкагында, тактап айтканда, экономиканы өнүктүрүү жаатында колдоого алууну жактайт. Биз «Жаңы доорго кырк кадам» программасын тыкыр иликтеп чыктык жана учудагы кыргыз-швейцар долбоорлору менен үндөштүгүн белгиледик, биз буга кубанычтабыз. Биз тараптан өкмөттүк программа алкагында белгиленген иш-чараларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даярбыз», – деди Вероника Ульман.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле соода-экономикалык активдүүлүк, мамлекеттик тармактагы жана инфраструктурадагы реформалар, жеке секторду өнүктүрүү, суу ресурстарын башкаруу, тынчтыкты жана демократияны куруу маселелерин талкуулады.

Ссылка: https://barometr.kg/content10822



Добавить комментарий