Николас Бруссо Канаданын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалды

18 января 2018 13:43 464 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 17-январда, Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов, кайрадан Канаданын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалган Николас Бруссо менен жолугушту. Анын жүрүшүндө элчи Абдрахмановго ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.

ТИМнин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптарлар, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө даярдыгын билдиришти жана Кыргызстан менен Канаданын ортосундагы соода-экономикалык өз ара аракеттешүүнүн келечектерин, келишим-укуктук базаларын кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Ссылка: https://barometr.kg/content10821



Добавить комментарий