Казакбаев: «Өкмөт кадрлардын маалымат базасын түзүүгө тийиш»
Поделиться в:
"Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери Руслан Казакбаев, өкмөт менен эл өкүлдөрүнө жогорку рангдагы кадрлардын тез-тезден алмаша берерин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-январда, Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, 24 жыл ичинде Экономика министрлигинде 24 жетекчи, Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондусунда 3 жылдын ичинде 7 жетекчи, Энергетика жана өнөр жай министрлигинде 8 жылдын ичинде ушунча жетекчи алмашкан.
Мындан бөлөк, өлкөдө 3 айдын ичинде 3 вице-премьер-министр алмашты, бул арада Улуттук банктын дагы жетекчилери алмашты.
Депутат, министрлер жана министрлердин орун басарлары болуп иштегендер бүгүнкү күндө жумушсуз жүрөрүн белгиледи.
Ссылка: https://barometr.kg/content10819
Добавить комментарий ×