16 миң бөтөлкө алкоголдук ичимдик канализацияга төгүлүшү мүмкүн

18 января 2018 13:02 666 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 17-январда, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан, «Сосновка» көзөмөл бекетинен, шектүү акциздик маркасы бар, тиешелүү документи жок алкоголдук продукциясын ташып бараткан унаа токтотулган.

Салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, транспорттук каражат салык мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча рейддин жүрүшүндө кармалган.

Бардыгы болуп түрдүү идиштеги 16 932 бөтөлкө алынган.

Материалдар Экономикалык кылмыштуулуктарга каршы күрөшүү боюнча кызматынын Жайыл жана Панфилов райондору боюнча башкармалыктарына жөнөтүлгөн.

Barometr.kg сайты алынган продукция кайда жөнөтүлөрүн тактады.

Ведомстванын басма сөз кызматынын жетекчиси Эркин Сазыков билдиргендей, иш Экономикалык кылмыштуулуктарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлдү.

"Кийин каржы полициясы ишти сотко өткөрөт, сот ошондо алкоголдук продукцияларды эмне кылуу керектигин чечет»,-деп түшүндүрдү ал.

Окуянын эки варианты бар: сот продукциянын баарын канализацияга төг-ү чечимин чыгарышы мүмкүн, же болбосо аны кайрадан иштетүүгө жөнөтүшү мүмкүн.

Ссылка: https://barometr.kg/content10816



Добавить комментарий