Психикалык жактан жабыркаган аялга айдоочу күбөлүк берип коюшкан

18 января 2018 10:42 4332 Barometr
Поделиться в:
ok

Психикалык жактан жабыркаган аялга айдоочу күбөлүк беришкен. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулуктарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган кызматтын кызматкерлери автомектептерде мыйзам бузуу фактыларын аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзгөн. Анда Транспорттук каражаттар жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин Чүй-Токмок боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2015-жылы психикалык жактан жабыркаган жана Республикалык психикалык ден соолук борборунда каттоодо турган С.А. аттуу жаранга мыйзамсыз түрдө айдоочу күбөлүк берилгени аныкталган.

Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин «Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Кызматтык жасалмачылык» беренелери менен иш козголду.

Ссылка: https://barometr.kg/content10805



Добавить комментарий