Оштук ишкердин сейфин көтөрө качкан кылмышкерлер табылды

18 января 2018 10:25 3181 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош шаарында жаңы жылдын алдында карактоого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Өткөн жылдын 29-декабрында, болжол менен саат 22:30дарда куралчан бет кап кийген бир нече киши Ак-Тилек кичи районунда жашаган ишкердин үйүнө жулунуп кирип келишкен. Үйдүн кожоюнуна тапанча жана бычак такап, акча талап кылышкан. Үйдө ишкердин жубайы, эки баласы бар болчу. Аялды байлап коюшкан.

Кылмышкерлер сейти таап алып өзү менен чогуу көтөрүп кетишкен. маалыматка ылайык, сейфте ири суммадагы акча: болжол менен 10 000 доллар, 560 000 рубль, 14 000 000 сом жана түрдүү документтер болгон. Кылмышкерлер үй ээсине таандык Хонда-Фит үлгүдөгү унаага отуруп белгисиз тарапка качышкан.

Ошол эле күнү Иликтөө кызматы тарабынан 168-беренеси менен кылмыш иши козголгон. 16-январда, аталган кылмышка шектелип Ош областынын 1992 жана 1993-жылдары туулган 3 тургуну кармалган. Учурда бул боюнча тергөө улантылып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content10802



Добавить комментарий